Бул тууралуу аталган партиянын маалымат кызматы билдирет. Бүгүн өткөн партиянын саясий кеңешинин жыйынында оор кырдаалга байланыштуу Ош шаарынын жашоочуларына гуманитардык жардам жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алынды. Жакын арада партия Оштуктарга жардам катары 1000 литр күн карама майы, 5000 миң киллограмм кесме, 10 тонна ун сыяктуу жалпы баасы 500 миң сомдук азык-түлүк жөнөтмөкчү. (IJz)