Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Хакерлер Курманбек Бакиевдин интернет сайтын талкалап кетишти.


www.presidentbakiyev.com деген сайтта азыр Бакиевдин карикатуралык сүрөтү жайгаштырылып, экс-президентти орусча богооз сөз менен сөккөн, "Смерт тебе и твоим бандитам" жана кыргызча «Өлүм сага" деп жазылып турат. Бул сайт апрел окуяларынан кийин ачылган жана андагы маалыматтар ар дайым жаңыланып, бир караганда расмий президенттин сайтындай таасир калтырчу. Бүлгүндү биринчи байкаган Хелсинки Адам Укуктар Комитетинин өкүлү Ивар Даленин айтымында:

- Өлкөдө электрондук шыктуу адамдар көп. Туиттерде (twitter – маалымат алмашуу сайты) "Бакиевдин сайты Кыргызстандагы хакерлер тарабынан бүлгүнгө салынды" деген кабар болду.

Укук коргоочунун сөзүнө ылайык, бүлгүнчүлөр Бакиевдин сайтына оңой эле кирген, себеби ага кирүү үчүн зарыл болгон жашыруун сөз сайттын аталышы менен бирдей болгон. Хакерлер Бакеивдин «туиттер» маалымат сайтындагы профилин да талакалап кетишти. JCH

XS
SM
MD
LG