Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:08

Ош шаарында аймактагы кырдаал боюнча кеңешме өтүүдө


Ош шаарында жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, Ош жана Жалал-Абад облусундагы соңку кырдаалга байланыштуу Убактылуу өкмөттүн Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү, Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков, Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Дүйшөн Чотонов, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Өмүрбек Субаналиев баш болгон адамдар чукул кеңешмеге чогулушту. Алар аймактагы соңку социалдык-саясий абалды, кыйын кырдаалдан чыгуунун жолдорун талкуулашууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG