Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Бүгүнкү саат 18:30га карата Ош жана Жалал-Абад облусунда кагылыштардан жабыркап каза тапкандардын саны 97 адамга жетти. Медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны ушул сааттарга карата 1243. Алардын 727си ооруканаларга жаткырылса, 424 адамга жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн. (IJz)