Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:06

Ош шаарында түн тынч өттү


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын Ош шаарынын биринчи вице-мэри Тимур Камчыбековдун сөзүнө таянып билдиришинче Ош шаарында түн тынч өттү. Ушул маалда атышуулар дээрлик токтоду. Ошентсе да айрым көчөлөрдө талап-тоноо басыла элек. 14-июндан баштап мекеме-ишкана, биринчи кезекте азык-түлүк сатылуучу жайларды иштетүү аракети көрүлүүдө. Ал эми Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Шакир Зулимовдун маалыматы боюнча, өзгөчө кырдаал жарыяланган Өзгөн шаары, Араван жана Кара-Суу райондорунда кырдаал кыйла турукташып баратат. Аймакта атышуу, талап-тоноо жана адам өмүрүнө кол салуу фактылары катталган жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG