Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Жалал-Абаддагы тополоңду уюштурду деп шектелген бир адам кармалды


Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы Жалал-Абад облусунун коменданты Кубатбек Байболовдун маалыматына таянып билдирди. К. Байболовдун айтымында, кармалган киши республикага аты таанылып калган адам. Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу азырынча анын аты аталбайт. Ага карата массалык баш-аламандыкты уюштурду, мамлекеттик бийликти күч менен кулатууга аракет кылды деген айыптар менен кылмыш иши козголду. Ал учурда сурак берип, окуяга катыштыгы бардыгы тууралуу айрым белгилүү адамдардын атын атаган. К.Байболовдун өлкө калкына Жалал-Абаддагы кырдаал тууралуу видео билдирүүсү бүгүн жергиликтүү телеканалдардан көрсөтүлмөкчү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG