Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Пакистан өкмөтү талиптер менен кызматташпайт


Пакистан өлкөнүн чалгындоо кызматтары Ооганстандагы талип козголоңчуларына олуттуу жардам көрсөтөт деген маалыматты калпка чыгарды. Пакистан армиясынын өкүлү генерал Атар Аббастын билдиришинче, армия менен ведомстволор аралык чалгындоо кызматынын (ISI) террорчулукка каршы согуш учурундагы кызматташуусу берегидей маалыматты бүтүндөй төгүндөп турат.

Британиядагы беделдүү аналитикалык борборлордун бири - Лондон экономикалык мектеби жакында жарыялаган докладда Пакистандын ведостволор ортолук чалгындоо кызматы талиптерди каржылап, машыктырганы жана баш паанек бергени белгиленген.

Козголоңчулардын командирлеринин ырасташынча, талиптердин жогорку кеңешинде Пакистандын чалгындоо кызматынын атайын өкүлү бар.

XS
SM
MD
LG