Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Израил 31-майдагы чатакты изилдөөчү көз карандысыз комиссия түзүүдө


Израил 31-майда Газага гуманитардык жардам тартып бараткан деңиз кербениндеги кандуу окуяны иликтөө боюнча көз карандысыз комиссия түзгөнүн жарыя кылды. Кемелерге израилдик командос жасаган чабуулдан түркиялык тогуз палестиначыл активист өлгөн.

Комиссияны Израилдин Жогорку Сотунун мурдакы судьясы жетектейт деп болжолдонууда. Анын курамына Нобель атындагы тынчтык сыйлыгынын лауреаты, ирландиялык лорд Уильям Тимбл жана Канданын мурдакы аскерий прокурору Кен Уоткин кирет.

Израилдин береги кадамын АКШ колдоду. Бирок, маалыматтарга караганда, Израилдин бу планы Улуттар Уюмунун эл аралык изилдөө өткөрүү жөнүндөгү сунушуна ылайык келбейт.

XS
SM
MD
LG