Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Ошто тараптар барымтага алынган адамдарды алмашууда


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, беш өзбек улутундагы адамды берип, беш кыргыз улутундагы адамды өткөрүп алышты. Өзүн Замира деп тааныштырган барымтадан чыккан кыргыз аял өзбек тарапта дагы 15 жаран калганын билдирди. Атайын аскер тобу аларды бошотуунун жолун кароодо. Ошондой эле Ош шаарында гуманитардык жардам жетишпей, аларды таратуу жолуна нааразы эл көчөлөрдө тамак-аш издеп жүрүшөт. Алар гумжардам шаардын кичи райондоруна да таратылуусун суранышууда. Мындан мурдараак дагы эки өзбек улутундагы адамды кыргыздарга алмаштыруу үчүн алып кетишкени маалымдалды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG