Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:21

Иракта бүгүн жаңы парламент алгачкы жыйынга турат


Өлкөдө парламенттик шайлоо март айында эле өткөн. Бирок жаңы өкмөттүн курамы боюнча мунаса алигиче табыла элек жана кабарларга караганда Ирактын саясий фракциялары өкмөттү ким башкарарын аныктаганга чейин али бир нече апта, атүгүл ай талап кылынышы мүмкүн. Марттагы шайлоонун натыйжасында мурдагы премьер- минитр Ияд Аллавинин суниттер да, шийиттер да кирген альянсы бир аз артыкчылык менен жеңишке жетишкен, бирок добуштардын басымдуу бөлүгүн ала алган эмес. Шийиттердин парламентке кирген негизги эки блогу жакында бир альянска бирикти, бирок жетекчисин али макулдаша албай жатышат. 325 депутаттан турган парламент жыйыны күчөтүлгөн коопсуздук чаралары астында өтөрү күтүлүүдө. Мунун алдында кечээ Ирактын Борбордук банкына жасалган кол салуудан кеминде 15 киши каза тапты. Банк имараты алдында оболу бир нече жардыруу болгон жана андан кийин полициячылар менен кол салгандар ортосунда атышуу жүргөн.

XS
SM
MD
LG