Бул тууралуу “Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Ошто жакшы куралданган, тажрыйбалуу көзгө атарлар жүрөт. Ал "башында эле катуу чаралар көрүлгөндө кырдаал мынчалык курчубайт эле",- деген пикирин билдирди. Мындан сырткары партия өкүлдөрү массалык маалымат каражаттары Ош жана Жалал-Абаддагы окуялар калкка толук жетпей жаткандыгын, бул багытта журналисттерге шарттар түзүлөөрүн белгилешти. Ошондой эле элден чогултулган гуманитардык жардам өлкөнүн түштүгүнө жөнөтүлүп турары айтылды. (КЕ)