Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Ө.Текебаев Чек айылында өзбек улутундагы качкындар менен жолугушууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Убактылуу өкмөт мүчөсү Өмүрбeк Текебаевдин жардамчысы Жоомарт Сапарбаев билдирди. Жолугушууга Чек айылындагы 200гө чукул өзбек улутундагы качкындар жана кыргыз улутундагы атуулдар катышып, кырдаалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ө.Текебаев Кыргызстандагы бардык жарандарга медициналык жана гуманитардык жардам көрсөтүлөөрүн, алардын коопсуздугу каралаарын белгиледи. Ал эми Ж.Сапарбаев Базар-Коргондо учурда кырдаал тынч экенин, бир-эки жерде талап-тоноого каршы эскертүү иретинде асманга ок атылганын маалымдады. Ал жакта учурда өрттөнүп жаткан эки үйдү өчүрүүгө аракеттер көрүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG