Линктер

жекшемби, 28-май, 2017 Бишкек убактысы 15:02

Жабыркаган аймакка гумжардамды жеткирүү боюнча штаб түзүлдү


Оор кырдаал түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад облустарына гуманитардык жардамды тез жеткирүү максатында Убактылуу өкмөттүн социалдык саясат боюнча координатору Э. Ибраимованын демилгеси менен штаб түзүлдү. Азыркы учурда дары-дармектер, эң зарыл товарлар, азык-түлүк демилгечи топтор тарабынан жыйналып жатат. Жыйналган жардамды жабыркаган аймакка тез жеткирүү эми аталган штабдын түздөн түз милдети болуп эсептелет. Штабдын жетекчиси болуп Исмаилов Кубанычбек дайындалды.

XS
SM
MD
LG