Жыйын Бишкек убактысы боюнча саат 16да башталганы тууралуу “Азаттык” радиосуна Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун катчылыгынан кабарлашты. Москвадагы бул кеңешмеде уюмга мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңеш катчылары Кыргызстандагы кырдаал боюнча консультацияларды өткөрүп, өлкөнүн түштүгүндө жаңжаалды токтотуунун жолдорун, анын ичинде ЖККУнун бейпилдик күчтөрүн киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулайт. Бул жыйын Кыргызстандын убактылуу өкмөтү өткөн аптада Орусиядан аскерий жардам сурап, кайрылгандан кийин чакыртылды. Мунун алдында Убактылуу өкмөт мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда жоюлуп кеткен Коопсуздук кеңешин калыбына келтирип, катчылыкка мурда ушул тармакта иштеген Алик Орозовду дайындады. Ал бүгүн Москвадагы кеңешмеге катышууда.
ЖККУна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан мүчө.
ЖККУна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан мүчө.