Аймактагы кабарчыбыздын айтымында, шаардын борбордук базарынын тегерегинде, Ленин көчөсүндө жана "Элдердин достугу" университетинин айланасында ок атуулар түштөн кийинки саат үчтөн бери токтобой жатат. Мындан сырткары жардыруулардын үндөрү чыгып жатат. Аталган университеттин артындагы үйлөр өрттөнүп жатат. (SM)