Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

Р.Отунбаева бүгүн ЕККУнун атайын өкүлү менен жолугушту


Өткөөл мезгилдин президенти, Убактылуу өкмөттүн жетекчиси бүгүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) атайын элчиси Жаныбек Карибжанов менен аталган уюмдун Бишкектеги борборунун директору Эндрю Тесорьерди кабыл алды. Жолугушуда Кыргызстандагы, өлкөнүн түштүгүндөгү кырдаал тууралуу сөз болду. Ошондой эле кырдаалды турукташтыруу жолдору талкууланды. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Андан соң ЕККУ өкүлдөрү Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Болот Шер менен жолугушту. Б. Шер ИИМ тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берип, жакын арада Ош жана Жалал-Абад облустарында абал жөнгө салынаарын билдирди.(КЕ)

XS
SM
MD
LG