Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

“Жашылдар” партиясы үйсүз калган жарандарга жардам көрсөтөт


Мындай чечим “Жашылдар” партиясынын өлкөнүн түштүк аймагында жабыр тарткан адамдарга жардам берүүгө арналган бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык, түштүк аймагындагы жабыр тарткан, үйсүз калган жарандарга жардам кылуу; Убактылуу өкмөт тарабынан атайын ачылган эсепке 50 миң сом акча которуу; 100гө жакын үй-бүлөнүн жаш, өспүрүм балдарын, эже-сиңдилерин, эне-апаларын Бишкектен тосуп алып, баш калка жана тамак-аш менен камсыз кылуу чечимин чыгарды. Мындан сырткары партиянын жаштар канаты тарабынан атайын түзүлгөн жашылдар кошууну Бишкек шаарынында ишин уланта бермекчи. Ошондой эле партия лидери Наргиза Абдылдаева мекендештерди кызуу кандуулукка алдырбай, сабырдуу болууга үндөдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG