Дүйнөлүк басма сөздө Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларды этникалык топтордун кагылышуусу жана этникалык тазалоо катары мүнөздөгөн туура эмес бир жактуу маалыматтар чыгып жатат. Бул жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын биринчи орун басары, Жалал-Абаддын коменданты Кубат Байболовдун жасаган билдирүүсүн шаардын комендатурасынын басма сөз борбору таркатты. “Мен баардык жоопкерчилик менен билдирем, мунун баары идеологиялык диверсия жана провокация”,-деп айтты Кубат Байболов.
К. Байболовдун айтымында, шаардын ар кай жеринен айнеги күңүрттөлгөн машиналар пайда боло калып, эки этностун өкүлдөрун тең бирдей атып кетип жатышат. "Булар Тажикстандан жашоосу өтпөй калган адамдардын атайын даярдалып келинген топ. Биздин колубузда кармалган адамдардын айткан эч бир төгүндөлгүс далилдери бар. Алар кармалып, кылмыш иши ачылып, бардыгы процессуалдык норманын чегинде жүрүп жатат. Бардык көрсөтмөлөр жана далилдер жыйналып, такталып, жакына коомчулукка көрсөтүлөт”,-деди К. Байболов. (КС)