Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:31

«Тилек» кыймылы Кыргызстанда тынчтык орнотууга эл аралык уюмдарды жардамга чакырды


Тилек» коомдук кыймылынын атынан анын лидери Феликс Кулов бүтүн Фергана өрөөнүн өрт каптай электе аны күтпөй Кыргызстандын түштүгүндөгү улут аралык кагылышууну токтотууга жана өлкөнүн конституциялык талаага кайтып келишине жардам көрсөтүүнү өтүнүп, БУУ, ШКУ, ЕККУ жана Жамааттык коопсуздук уюмуна кайрылды. «Күчөп кеткен улут аралык кагылышуу Кыргызстанды эле эмес, үч бир тууган өлкөнүн жери болгон бүтүндөй Фергана өрөөнүн дүйнөдөгү дагы бир чыр-чатак аймагына айландырып жиберүү коркунучу бар. Согуштан кийинки тарыхта глобалдык масштабдагы эң ири эл аралык конфликт чыгып кетиши мүмкүн»,-деп айтылат кайрылууда. (КС)

XS
SM
MD
LG