Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

Максим Бакиев кармалганы жөнүндө кабар таркалууда


Кыргызстанда бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев 13-июнда Британияда кармалганы тууралуу кечээ The Sun гезити жазган. Гезит кабарды Улуу Британиянын Ички иштер министрлигинин Чек ара кызматына шилтеме менен жазган болчу.

Британиянын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү 14-июнда кечинде “Азаттык” үналгысына бул маалыматты азырынча тастыктай албай турганын, комментарий да бербей турганын билдирди.

Кабарды жазган The Sun басылмасы да өзүнүн кабары боюнча "Азаттыкка" комментарий бергенден азырынча баш тартты.

Ошол эле учурда Би-Би-Синин орус кызматы британдык INS кабар агенттигине шилтеме кылып, Максим Бакиевди кармоо иш-чарасы Улуу Британия падышалыгынын чек ара кызматынын Лондондун чет жакасындагы Фарнборо (Farnborough) аба майданында жекшембиде (13-июнда) жүзөгө ашырылганын жарыялады.

Максим Бакиев Кыргызстанда өзүнүн шериктери менен биргелешип бир нече миллиондогон доллардык бүжөттүк акчаны мыйзамсыз которуп алып, өз кызыкчылыгында "тегереткен" деп айыпталууда.

Анын атасынын иниси Жаныш Бакиев менен Кыргызстанда кутум уюштуруу пландары жазылган уюлдук телефондогу үнү май айында калайыкка YouTube аркылуу маалым болуп, коомчулукта нааразылык туудурган.

Анын атасы, мурдагы президент Курманбек Бакиев 14-июнда кечкурун өзү бозгунда жүргөн Минск шаарында маалымат жыйынын өткөрүп, өзүнө жана үй-бүлөсүнө карата айтылган айыптоолорду четке какты.

Убактылуу Өкмөт болсо 13-14-майдагы жана 10-июнда башталган тополоңдордун артында Бакиевдер, анын ичинде Максим да турат деп саноодо. (TD)

XS
SM
MD
LG