Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

Кыргыз - өзбек чек арасынан качкындар кечке жуук да өтүшкөн


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын чек ара кызматынын төрага орун басары Чолпонбек Турусбеков билдирди. Ал мурдараак Өзбекстан 14-июнда саат 18:00дөн тарта чек арадагы өткөөл бекеттерди жапкандыгын айткан эле:

-Ошол убакта жабылды эле. Эми азыр кайра маалыматтарды алып жатабыз. Жалал-Абадда жайгашкан Сейдикум деген чек ара заставасы бар. Ошол жерден саат 18ден кийин бир миңге жакын аялдар, жаш балдар өтүптүр. Мындан сырткары Сакалды чек ара участкасынан 200дөй адам өтүп, кайра жарымы кайтып келишиптир.

Чолпонбек Турусбеков кошумчалагандай, 11 - июндан бери болжолдуу эсептерге карата, чек аранын аркы тарабына өткөндөрдүн саны 60 миңге чейин жетүүсү мүмкүн. Ал эми Өзбекстандын премьер- министринин орун басары Абдулла Ариповго азыркыга чейин жашы жеткен качкындардан 45 миң адам катталганын жана Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын 14-июндан тарта жабарын билдирген. Бул аралыкта БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссары Өзбекстанга жардам жана өзүнүн тобун жөнөтүп жатканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG