Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

Максим Бакиев Англиядан кармалды


Мындай маалыматты британиянын The Sun гезити таратты. Басылмада Максим Бакиев 13-июнда Интерполдун жаңдоосу менен Улуу Британиянын чек ара агенттиги тарабынан Гемпширдеги Фарнборо абамайданында кармалганы жазылган.
Бул маалыматты Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев Улуттук биринчи каналда берген билдирүүсүндө тастыктады. Анын айтымында, М.Бакиев жакын арада Кыргызстанга өткөрүлүп берилет.

Максим Бакиев Кыргызстанда өзүнүн шериктери менен биргелешип бир нече миллиондогон доллардык бүджөттүк акчаны мыйзамсыз которуп алып, өз кызыкчылыгында "тегереткен" деп айыпталууда.

Анын атасынын иниси Жаныш Бакиев менен Кыргызстанда кутум уюштуруу пландары жазылган уюлдук телефондогу үнү май айында калайыкка YouTube аркылуу маалым болуп, коомчулукта нааразылык туудурган.

Анын атасы, мурдагы президент Курманбек Бакиев 14-июнда кечкурун өзү бозгунда жүргөн Минск шаарында маалымат жыйынын өткөрүп, өзүнө жана үй-бүлөсүнө карата айтылган айыптоолорду четке какты.

Убактылуу Өкмөт болсо 13-14-майдагы жана 10-июнда башталган тополоңдордун артында Бакиевдер, анын ичинде Максим да турат деп саноодо. (AJ)

XS
SM
MD
LG