Түндө бир-эки жерде ок атуулар болуп, алар тез эле басылды. Бүгүн Ош шаарынын ичиндеги тосмолор (баррикадалар) толугу менен алынат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, шаардын коменданты Курсант Асанов “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, тартип коргоо кызматкерлери тарабынан текшерүү маалында 6 автомат жана көптөгөн гранаталар алынды. “Номуру жок унаалардын айдоочуларына катуу чара көрүлөт”,-деди К.Асанов. (AJ)