Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Р.Казакбаев: ЖККУ аскерлерин Кыргызстанга киргизбейт


Бул тууралуу Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, ЖККУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңеши Кыргызстан элин ынтымакка чакырып, тез арада тынчтыкты орнотууга үндөгөн билдирүүгө кол коюп, Кыргызстанга ар тараптуу жардам берүүгө макулдашууга жетишти.

“Бул боюнча ЖККУнун чечимин кабыл алып, ал долбоор ЖККУга мүчө мамлекет башчыларына жөнөтүлүп, бир-эки күндүн ичинде кол коюлат. Ал чечимде аскердик күчтөрдү Кыргызстанга киргизүүнүн кажети жок экендиги көрсөтүлгөн”,-деди Р.Казакбаев.

Ал ошондой эле ЖККУ Кыргызстандын коргоо министрлигине учактарды, тик учактарды, аскерий техникаларды, күйүүчү майды жардам катарында жөнөтө тургандыгын, тартип коргоо органына атайын каражаттар, материалдык-техникалар жактан көмөк көрсөтүлөрүн белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG