Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Ошто барымтадагы адамдар алмаштырылууда


Ош шаардык милициясынын башчысы Курсан Асанов бүгүн журналисттер менен жолугушуп, анда шаардагы абал тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Оштон кабарчыбыз Жанар Акаев маалымдады. Маалыматка караганда, каршылашкан тараптар барымтадагы адамдарды алмаштыра баштады. Азыркы мезгилге карай 386 өзбек улутундагы, 214 кыргыз улутундагы адамдар алмаштырылды. Адамдар колунан 17 курал алынды. Ошондой эле 4 жаран камакка алынды. Алардын экөөсү көзгө атаар мерген катары шектелүүдө. Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу алар тууралуу көп маалымат берилген эмес.
Ош шаардык милиция башчысынын айтымында, Кара-Суу райондук милициясынын башчысы Адыл Султановду жырткычтык менен өлтүргөндөр белгилүү. Алар жакын арада кармалат.

XS
SM
MD
LG