Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Акыйкатчынын аппараты 24 адамды бошотууга көмөктөштү


Акыйкатчы Турсунбек Акундун Ош шаарынан бүгүн маалымдоосуна караганда, шаарда тынчтык орной баштады. Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрүнүн, коменданттын аракеттери эми натыйжасын бере баштады. Акыйкатчынын кызматкерлеринин киришүүсү менен 24 адам бошотулду. Алардын ичинде Имам-Ата айылында кармалып турган үч кыргыз кыз болду. Бошотулган кыздардын бирөөсү Идаяттын билдирүүсүнө караганда, аларды айылдагы Каримахан Мадрахимова деген өзбек аял коргоп турган. Ошондой эле Бахтияр Турсунов деген өзбек жигитти кыргыздар коргоп туруп, аны бүгүн Акыйкатчынын кызматкерлери жакындарына жеткирип берди.

XS
SM
MD
LG