Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Урмат Барыктабасов 16-июнда сурак берет


“Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барыктабасов эртең, 16-июнда Улуттук коопсуздук кызматына сурак берүү үчүн келет. Бул маалыматты “Азаттыкка” анын адвокаты Акин Токталиев тастыктады. Анын айтымында, У. Барыктабасов чет өлкөдөн "Манас" аба майданына келип түшкөндө эле УКК кызматкерлери ага сурак берүү үчүн чакыруу кагазын тапшырган.

Президенттикке тарапкерлигин койгон У. Барыктабасовдун жактоочулары 2005-жылдын 17-июнунда массалык акция уюштуруп, Ак үйгө кирип барышкан. Бул маселе ошол жылы 18-июнда К.Бакиевдин жетекчилиги менен өткөн Коопсуздук кеңешинде талкууланып, бийликти күч менен басып алуу аракети катары бааланган жана Урмат Барыктабасовго кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган болчу. Ошондон бери чет өлкөдө жүргөн Урмат Барыктабасов өткөн жекшембиде Дубайдан Бишкекке учуп келген.(КЕ)

XS
SM
MD
LG