Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:05

Кыргызстандагы окуялар боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүгө чакырык жасалды


Казакстандын, Кыргызстандын, Армениянын, Белоруссиянын, АКШнын, Россиянын жана Улуу Британиянын коомдук уюмдары БУУ, ЕККУ, Еврокомиссия, ЖККУ сыяктуу эл аралык уюмдарга кайрылуу кабыл алышты. Кайрылууда Кыргызстандын түштүгүндөгү көп адам курмандыктарына алып келген окуялар эл аралык масштабдагы трагедия деп айтылып, ал экинчи революциядан кийин убактылуу өкмөт саясий реформалар баштап жаткан учурда өлкөдөгү кырдаалды бузуп-жарууну көздөгөн үчүнчү күчтөрдүн алдын-ала пландаштырылган акциясы катары каралышы керектиги белгиленет.

“Текшерилген маалыматка караганда жана көп сандаган байкоочулардын пикири боюнча кагылышуулар бетин жаап алган адамдардын өзбектерге жана ошондой эле кыргыздарга карай ок атканынан башталган. Тоого жашынган снайперлердин карапайым момун адамдарды аткылашы жана башка көп сандаган чагымчыл иш-аракеттер муну ого бетер күчөткөн. Ошондой эле атайын бир автоунаа менен микрофонго кыйкырып элди согушка чакырып жүргөн беткапчан адамды көп көрүшкөн”,-деп айтылат кайрылууда.

Жогоруда аталган өлкөлөрдүн коомдук уюмдары, экстремизм, терроризм маселелери боюнча жана аскердик адистерди тартуу менен Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларды эл аралык тыкыр иликтөөгө алууга чакырышууда.

XS
SM
MD
LG