“Азаттыктын” Ошто жүргөн кабарчысы Жанар Акаевдин айтымында, Ош шаарынын Калинин көчөсүндө белгисиз бирөөлөр аскер кызматкерлерине ок аткан. Каза болгондор катталган жок. Бул шаардын четиндеги кичи райондору Черемушка, Ак-Тилек, Төлөйкөн, Батыш кичи райондоруна гуманитардык жардамды жеткирүүнү токтотту. Шаар комендантурасы аталган райондордун тургундарына гумжардам жеткирүү аркеттери кайра калыбына келерин билдирип жатат. (КЕ)