Убактылуу өкмөттүн чечими менен өлкөнүн түштүгүндөгү кайгылуу окуялардан улам Аза күтүү 16-июндан тарта 18-июнга дейре үч күнгө созулмакчы. Бул күндөрү өлкөдөгү ММКларда, маданий жана коомдук жайларда көңүл ачуучу программалар сунушталбашы керек. Саламаттыкты сактоо министрлиги түштүктөгү коогалаңда 179 адам каза болуп, эки миңге чукул адам жаракат алганын кабарлайт. (EK)