Коопсуздук Кеңешинин катчысы Алик Орозов өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаеванын көрсөтмөсү менен бүгүн Москвага учуп кетти. Бул тууралуу убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт. Коопсуздук Кеңешинин катчысы орус бийликтери менен Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) тарабынан Кыргызстанга берилүүчү гумжардамдарды алып келүүнү тездетүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук Кеңешинин акыркы жыйынында бул тууралуу келишим кабыл алынган эле. Коопсуздук Кеңешинин катчысы Алик Орозов Орусияда ошондой эле орус коллегасы Николай Патрушев жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуп кайтат. (EK)