Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:36

ЕККУ Косово өкмөтүн согуш кылмышкерлерин тез жоопко тартууга чакырды


Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму Косовонун бийликтерин согуш кылмышкерлерин жоопко тартууну жакшыртууга чакырды. ЕККУ 15-июнда жасаган билдирүүдө 1237 согуш кылмышкери аныкталганы менен, 37 гана адам жоопко тартылганы белгиленет. Бул сот органдарына ишеничти жоготуп, “Косоводогу бардык элдердин келечегине жана тарыхка тескери таасир этет”, -деп айтылат билдирүүдө.

Серб күчтөрүнүн Косоводогу жортуулу учурунда 10 миңдей адам өлгөн. Бул окуя 1999-жылы НАТОнун Сербияны бомбалоосуна алып барган жана ошол кездеги президент Слободан Милошвечити аскерлерин Косоводон чыгарып кетүүгө мажбурлаган.

Косово 2008-жылы өзүн Сербиядан күнкорсуз деп жарыялаган. Бирок Белгард Косовонун эгемендигин алиге тааный элек.

XS
SM
MD
LG