Бул тууралуу УКМКнын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев Улуттук телеканал аркылуу кечээ билдирди. Экс-президенттин уулун Кыргызстанга экстрадициялоо мүмкүнчүлүгү чектелүү, анткени Британия менен Кыргызстан ортосунда бул багытта келишим түзүлгөн эмес. Дүйшебаевдин белгилөөсүндө мурунку Өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси Максим Бакиевди Британиядан алып келүү үчүн бир нече айдан бир нече жылга чейинки убакыт талап кылынышы мүмкүн. (EK)