Бул тууралуу ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинен билдиришти. Маалыматка ылайык, гумжардам Еврокомиссиянын эл аралык кызматташтык жана кризистерге өз убагында жооп берүү боюнча комиссарынын уюштуруусунда ишке ашат. Жардам медициналык каражат, таза суу, тамак-аш жана психологиялык колдоо түрүндө көрсөтүлөт. Эл аралык бейөкмөт уюмдары аркылуу таратылуучу гумжардам кыргыз, өзбек жарандарына бирдей бөлүштүрүлөт. (EK)