Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

Убактылуу өкмөт кайрылуу жасады


Убактылуу өкмөт мүчөлөрү бүгүн кыргыз элине жана дүйнөлүк коомчулукка кайрылуу жасады. Анда түштүктөгү коогалаңга мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн тиешеси бар экендиги айтылып, алардын абийирине жүздөгөн адамдардын өлүмү жана боордош элдердин ортосундагы тирешүүсү коюлганы белгиленет. Кайрылууда ошондой эле убактылуу өкмөт референдумдан кийин дароо эле мыйзам жол берген мөөнөттө тезинен шайлоо өткөрүү ниетин билдирип, стабилдүүлүк жана чагымчылык аракеттерди токтотуу үчүн эртелеп шайлоо - бирден бир жол экендигин жазат. ЖККУ жана Орусияга тынчтыкты орнотуу үчүн кошкон салымы, ал эми БУУ, ШКУ, Евробиримдик өңдүү эл аралык уюмдардын бул окуяларга терең көңүл бөлүүсү үчүн ыраазычылык билдирилет. Кайрылуу соңунда убактылуу өкмөт демократиялык укуктар үчүн күрөшүп, бирок эски бийликтин аёосуз каршылыгына кабылып жаткандыгын айткан. (EK)

XS
SM
MD
LG