Ошто жүргөн кабарчыбыз Жанарбек Акаев ушул мүнөттөрдө Ош облустук акимчилигинин алдынан беш түркмөн студентин кезиктиргенин кабарлады. Алар кабарчыбызга жаңы эле Жалал-Абаддан келишкенин, ошол жакта окушканын жана азыр Ошто кайсы жакка бараарын билбей турушканын айтышкан. Түркмөн студенттери учурда облустук бийликтин өкүлдөрүнө кайрылууга ниеттенишүүдө.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин түштүк өкүлчүлүгү буга чейин Оштон төрт каттам учак менен түркмөнстандык 500 чакты студент үйлөрүнө жөнөтүлгөнүн, аларды учак менен Түркмөнстан камсыз кылганын билдирген. Мындан сырткары аймактагы кабарчыбыз бүгүн да 330 түркмөн студенти "Достук" чек ара бекети аркылуу Өзбекстанга өткөрүлгөнүн, алар Өзбекстан аркылуу мекенине жол тартышаарын кабарлаган.(SM)