Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Палестинага кемелер кайрадан жөнөйт


Түркияда палестиначыл активисттердин тобу эмки айда Газага дагы бир жолу жардам кемелерин жөнөтөөрүн билдирди. Адам укуктары, эркиндик жана гуманитардык жардам фондунун мүчөлөрү Европарламенттин депутаттарына кабарлашкандай, учурда 6 кеме даяр турат жана башкалар да кошулат деген үмүт бар. 31-майда Газа тилкесине гуманитардык жүк ташып бараткан кемелердин кербени Израиль армиясы тарабынан токтотулган. Топ жашыра турган эч нерсеси жоктугун көргөзүү үчүн чет өлкөлүк кабарчыларды кемелердеги бардык жүктү текшерип чыгууга чакырды. Израиль сөз болгон фонддун мусулман согушкерлери менен байланышы бар десе, топ муну четке кагууда.

XS
SM
MD
LG