Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Вашингтон Иранга кысымын күчөттү


Вашингтон соода-экономикалык санкцияга алынчу ирандык ишканалардын тизмесин кеңейтти. АКШнын финансы министри Тимоти Гайтнердин сөзүнчө, тизмеге Тегерандын баллистикалык ракеталарды жасоосуна катыштыгы бар деп шектелген Ирандын Ыңкылапчыл корпусу, ири банктардын бири, мунай, камсыздандыруу жана кеме компаниялары киргизилген.

Иран эл аралык коомчулук менен ядролук программасы боюнча кызматташуудан баш тартканга байланыштуу өткөн аптада Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Тегеранга каршы санкциясын дагы катаалданткан болчу.

Батыш өлкөлөрү Иран ядролук бомбанын үстүнөн иштөөдө деп чочушат.

XS
SM
MD
LG