Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:33

Багдадда жергиликтүү суннилердин лидери өлтүрүлдү


Багдадда өкмөт колдогон суннилердин ыктыярдуу милициясынын жергиликтүү лидери бомба чабуулунан набыт болду. Полициянын маалымдашынча, Абу Грейбр районундагы чабуулдан Мохаммед Хамданинин күзөтчүсү жарадар болгон. Суннилердин өкмөт колдогон “Эркиндик кеңеши” деген бул тобуна козголоңчулар дембе-дем кол салып турат. Топ бир нече жылдан бери АКШ жана Ирак аскерлери менен чогуу “ал-Каидачыларга” каршы согушуп келет.

Ирак бийликтеринин билдиришинче, өлкө түндүгүндөгү Мосул шаарында жанкечти аскерий патруль түшкөн машинени сүзүп, жардыруудан 13 киши, анын ичинде үч полиция жараат алган.

XS
SM
MD
LG