Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Россия премьери Путинди сындаган китепче камакка алынды


Санкт-Петербургда премьер-министр Владимир Путинди сындаган китепченин 10 миң нускасын полиция камакка алды. “Путин. Итоги. 10 лет” деп аталган китепчени оппозициядагы “Солидарность” коалициясынын теңтөрагасы Борис Немцов жана экономист Владимир Милов жазышкан. Китепче Санк-Петербургда ачылаган экономикалык форум учурунда таркатылат деп мерчемделип жаткан.

Маалыматка караганда, китепчеде Путиндин акыркы 10 жылдагы, анын ичиндеги сегиз жылдык президенттик ишмердиги терең анализделип, кемчиликтери сындалат.

XS
SM
MD
LG