Акыйкатчынын өкүлү билдигендей, учурда эки элдин аксакалдарын жолугуштуруу аракети көрүлүүдө. Сузак район борборунун тургундары жолдорду бөгөп алып, комендатуранын жолду ачуу талабын четке кагышкан. Сузак районунда 12-июнда Жалал-Абад шаары менен бир мезгилде коменданттык саат киргизилген. Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы кечээ Базар-Коргон, Ала-Бука, Токтогул райондорунда жана Жалал-Абад шаарында абал кооптуу бойдон калып жатканын билдирген, бирок бийликтер Ош, Жалал-Абад облустарында өткөн түн жалпысынан тынч өткөнүн бышыктады. Элден ондогон автомат, өрттөөчү суюктук шишелери, темир таяктар конфискацияланды.