Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:56

ЕККУнун бир байкоочусу Нарындан кетип калды


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун алдындагы Демократиялык институттар жана Адам укуктары боюнча бюросунун (БДИПЧ) Кыргыз Республикасында 2010-жылдагы референдумга байкоо салуу миссиясынын узак мөөнөттөгү эки байкоочусу май айынын аягында Нарын жергесине келишкен. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, алардын бири Ош окуясы башталгандан кийин Нарындан, Кыргызстандан чыгып кеткен. Бишкектеги ЕККУнун Референдумга байкоо салуу миссиясына телефон аркылуу кайрылганыбызда, алардын өкүлү Джузеппе Милацо бир узак мөөнөттөгү байкоочунун Нарындан кеткендигин ырастап, бирок кайрадан анын ордуна башка адам келээрин билдирди. Байкоочуларга Нарында коркунуч бар беле? - деген сурообузга мырза Джузеппе Милацо байкоочулар келишимди бир тараптуу бузуп кете бере тургандыктарын билдирди. Андан сырткары буга чейин ЕККУнун байкоочулары Кыргызстандан кетип калышкандыктары жөнүндө маалымат жок, анткени ар башка шайлоо өнөктүгүндө ар башка миссиялар келет деп кошумчалады Дж. Милацо.(JI)

XS
SM
MD
LG