Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:58

Кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү К.Көлбаев кармалып, кайра бошотулду


16-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев маалымат жыйынында кылмыш дүйнөсүндө Рыспектен кийинки аталыгы болуп калган Камчы Көлбаевди укук коргоо органдары кармап, Ош, Жалал-Абад окуясында кайда болгонун, анын түштүктөгү тополоңго тиешеси бары-жогун сураштырып, дареги такталып кайра кое берилгенин билдирди.
Бул маалыматты “Азаттыкка” ИИМдин басма сөз кызматынан тастыкташты. Алардын билдиришинче Бишкек ИИБгы баш калаада коомдук тартипти камсыз кылуу багытында алдын ала иштерди жүргүзүп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн иш аракеттерин да көзөмөлгө алышууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG