Кыргыз өкмөтү өлкөгө тынчтык күчтөрүн жөнөтүү боюнча Россияга жасаган кайрылуусун артка чакыртып алды. Бул жөнүндө Россия президенти Дмитрий Медведев "Wall Street Journal" гезитине берген интервьюда айтты.
Медведевдин сөзүнчө, россиялык күчтөрдү Кыргызстанга жөнөтүүгө азырынча эч кандай зарылдык жок жана чатакты кыргыз жетекчилиги жөнгө салышы керек.