Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Азербайжан Армения менен согуштан 87 млрд. доллар чыгым тартты


Тоолуу Карабак боюнча Армения менен болгон согушта Азербайжан 70 миллиард манат же 87 миллиард доллар чыгым тарткан. Бул жөнүндө Азербайжандын качкындар жана там-жайын таштагандар боюнча мамлекеттик комистетинин төрагасы Али Гасановго шилтеп, “Азаттыктын” азери кызматы билдирди.

Гасановдун сөзүнчө, Армения басып алган жерлерин Азербайжанга кайтарып, жүз миңдеген бозгун азерилер там-жайларын кайтарып алган соң береги чыгым кайра такталат.

1988-94-жылкы Тоолуу Карабак чатагында Азербайжан аймакты жана ага чектеш жерлерин Арменияга алдырып койгон.

XS
SM
MD
LG