Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:11

Максим Бакиевге “саясий качкын” макамын бербөө талабы коюлууда


Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге “саясий качкын” макамын бербөө, анын кайтарылышын жана ага карата соттун Кыргызстанда өтүүсүн талап кылган он чакты адам Улуу Британиянын эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн алдына пикетке чыгышты. Алар колдоруна “М. Бакиевди жоопко тартуу керек”, “Качкын макамын криминалга бербеш керек” деген сыяктуу плакаттарды көтөрүп алышкан. Мындай талап менен чыккандар ар кыл жаштагы адамдар. Арасында изилдөө жана эл аралык уюмдун өкүлдөрү. Бул тууралуу “Азаттыкка” пикетте жүргөн жаш активист Мирсулжан Намазалиев билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG