Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:48

ИИМ Агрардык университеттин жатаканасын талашууда


Агрардык университеттин мугалимдери жана студенттери аларга караштуу жатакананы Ички иштер министрлиги тартып алып жатканына каршылык билдирип, нааразылык акцияга чыккан жатышат. Анткен себеби, көп жылдардан бери ИИМ келишим түрүндө Агрардык университеттин жатаканасын ижарага алып, пайдаланып келет. Бул жерде милиция кызматкерлери үй-бүлөсү менен жашашат. Бир топ убакыттын бери ижара акысы төлөнбөй карыз болуп жүрөт. Бүгүн ички иштер министринин милдетин аткаруучу Болот Шер жатаканага келип, анда жашаган милиция кызматкерлерине жатакананы биротоло алып бере турганын убада кылып айтып кетиптир. Муну уккан студенттер менен мугалимдер университеттин мүлкүн Ички иштер министрлиги мыйзамсыз тартып алган жатат деп катуу нааразы болуп жатышат. Бул жөнүндө аталган окуу жайдын чарбалык башкармасынын начальниги Капар билдирди. “Билим берүү жөнүндө” мыйзамда билим берүү тармагына караштуу кыймылсыз мүлктү сатууга, менчиктештирүүгө жана башка тармакка берүүгө тыюу салынган. (КС)

XS
SM
MD
LG