Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

АКШ Конгресси булуңдагы экологиялык кырсык боюнча угуу өткөрдү


АКШ Конгрессинде Мексика булуңундагы экологиялык алаамат боюнча угуулар өттү. Ага British Petroleum компаниясынын жетекчиси Тони Хэйворд катышты. Ал мунайдын сууга агышына байланыштуу өкүнүчүн билдирип, ошол эле маалда анын дарегине айтылган сын пикирлерди четке какты. Хэйворд иликтөөнүн жыйынтыктарын күтө турууну сунуш кылды:

- Мен тынчсызданган, капа болгон, ачууланган адамдарды түшүнөм. Мунайдын агышы токтотулмайынча, биз натыйжалуу аракет көрүп жаткандыгыбызды далилдемейинче, андай камтамачылык улана берет.

3 саатка созулган талкууда депутаттар Хэйвордду жоопкерчиликти өзүнө алууга аракеттенген жок деп сындашты. Британиялык компаниянын ишканасынан күнүнө АКШнын жээгине болжолу менен 60 миңдей баррел кара май куюлуп жатат.

XS
SM
MD
LG