Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Ирактык качкындар маселеси чечиле элек


2007-жылдан бери 52 миңдей ирактык качкын башка жерлерге, негизинен АКШга жайгаштырылган. Бул тууралуу БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссары Антонио Гуттерес билдирди. Ушу тапта Сирияда жүргөн Гуттерес башка өлкөлөрдү калган 48 миңдей качкынды кабыл алууга үндөдү. Дээрлик 2 миллиондой ирактык качкындардын көбү Иордания, Ливан, Сирия, Египет жана Түркияда жашайт. 20-июнда Качкындардын эл аралык күнү белгиленет. Былтыр дүйнөдөгү 15 миллиондой качкындын 241 жарым миңи эле өз ыктыяры менен үйлөрүнө кайткан. "Бул – 20 жылдан берки эң төмөн көрсөткүч", - деди Гуттерес.

XS
SM
MD
LG