Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Кыргыз армиясын интернационалдаштыруу талабы коюлду


Учурда Ош шаарынын коменданты Курсан Асановдун катышуусунда Оштун Шейит-Дөбө кичи районунда өзбек тарап менен сүйлөшүү жүрүүдө. Алардын өкүлү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жалалдин Салахуддинов улутташтары аскердик форма кийген жарандарды аймактан чыгарып кетүүнү, ошол эле учурда кыргыз-өзбектерден аралашкан элдик кошуундарды түзүү талабын коюп жатканын билдирди. Мындан тышкары айрым өзбек жарандар кыргыз армиясы жалаң кыргыздардан куралгандыктан аларга ишенбестигин билдирип, чукул арада армияны интернационалдаштыруу маселесин көтөрүштү.

Азыр сүйлөшүү жүрүп жаткан аймактарда жолдор ачыла электиги кабарланды. Бул тууралуу дубандан кабарчыбыз маалымдады. (EK)

XS
SM
MD
LG